«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл»
 
2024-жылдын 29- октябрь күнү Агрардык техникалык-экономикалык колледжинин 1-курсунун студенттери жана колледждин окутуучулары Андашева Г. Б., Мамбетова М. Ы., Жумабаев М. Э. Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Ата-Бейит мемориалдык комплексинде экскурсияга барып келишти. Аталган иш-чаранын башкы максаты: студенттерди Ата-Бейит мемориалдык комплекси менен жакындан тааныштыруу, Ата-мекенибиздин тарыхына болгон кызыгууларын жогорулатуу болду.
Мемориалдык комплекстин илимий кызматкери Амангелди студенттерге комплектин аймагындагы Үркүн окуясына, 1930-жылдардагы массалык репрессиялардын, 2010- жылдагы апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликтер, залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун жана Баткен коогалаңында курман болушкан мекенди коргоочуларыбыздын көрүстөндөрү жана башка курулуштар менен тааныштырып, алардын ар бири тууралуу кеңири кызыктуу маек куруп берди. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттерибиз 1938-жылы ушул жерде атылып сөөктөрү коюлган массалык репрессиялардын курмандыктарына айланышкан ошол кездеги коомдук-саясий ишмерлерибиздин жана интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү болушкан инсандарга арналып тургузулган музей менен таанышышып, атайын даярдалган мемориалдык комплекстин түзүлүүсүнүн тарыхын чагылдырган видеотасманы да көрүп чыгышты.
 
Жалпысынан бул сапарыбыз өз максатына жетип, студенттер ошол учурлардагы тарыхый окуялар боюнча кеңири маалыматтарга ээ болушуп, күчтүү таасирленүү менен кайтышты.
Без имен33333и
Без им22222ени
Без 4444
111ни
Нооруз202611
eb8122ef-9942-4ed0-986a-380a8a3b53ad
Нооруз20269
Нооруз20267
Нооруз20268
Нооруз20266
Нооруз20264
Нооруз20265
Нооруз20263
Нооруз20262
Нооруз20261
Нооруз2
нооруз1
img1

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген