Административдик башкаруу курамы

АЙДАРОВА БУРУЛСУН АКАЙБЕКОВНА

Окуу иштери боюнча директордун орун басары. Директордун милдетин аткаруучу
https://college.kg/wp-content/uploads/2026/02/Burulsun1.jpg

АЙДАРОВА БУРУЛСУН АКАЙБЕКОВНА

Окуу иштери боюнча директордун орун басары. Директордун милдетин аткаруучу
1979-жылдын 28-ноябрында туулган, Үй-бүлөлүү. 1997–2002-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин Экономикалык факультетинде «Финансы жана кредит» адистиги боюнча билим алып, жогорку билимге ээ болгон. 2010–2012-жылдары ошол эле Нарын мамлекеттик университетинин Эл аралык магистрдик борборунда «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча окуп, магистр даражасын алган. Эмгек жолун 2004-жылы бейөкмөт уюмда бухгалтер болуп баштаган. Ошол эле жылдан тартып Нарын мамлекеттик университетинин «Бухгалтердик эсеп, экономика жана менеджмент», «Финансы жана менеджмент» кафедраларында улук окутуучу болуп эмгектенген. 2011-жылдан баштап университеттин Эл аралык магистрдик борборунда окутуучу болуп иштеген. 2018-жылы Агрардык-экономикалык колледждин күндүзгү бөлүмү боюнча директордун орун басары кызматын аркалаган. 2019-жылдан тартып аталган колледжде башкы бухгалтер болуп иштеген. 2021-жылдан баштап Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык-экономикалык колледжинде окуу иштери боюнча директордун орун басары кызматында эмгектенген. Илимий багытта айыл чарба экономикасы, кооперацияны өнүктүрүү, жайыттарды жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу маселелери боюнча бир катар илимий макалаларды жарыялаган. Анын эмгектери университеттин жарчысында жана эл аралык илимий журналдарда басылып чыккан. Кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында педагогика, инновациялык технологиялар, стратегиялык башкаруу, аккредитация, бухгалтердик эсеп жана аудит, каржылык менеджмент, санариптик экономика багыттарында ар түрдүү курстарга, семинарларга жана эл аралык тренингдерге катышкан. Ошондой эле көз карандысыз аккредитация жүргүзүү боюнча эксперт катары иш алып барууга укук алган. Өз ишмердүүлүгүндө жоопкерчиликтүү, так жана үзгүлтүксүз өнүгүүгө умтулган адис катары мүнөздөлгөн.

БАЙГАБЫЛ КЫЗЫ НАРГИЗА

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары
https://college.kg/wp-content/uploads/2026/02/Nargiza.jpg

БАЙГАБЫЛ КЫЗЫ НАРГИЗА

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары
1990-жылдын 10-сентябрында Нарын шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү. Эки уул, бир кыздын апасы. Билими жогорку. 2008–2013-жылдары С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Филология факультетин «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча аяктаган. 2021-жылы В.Я.Горин атындагы Белгород агрардык университетинде “Профессиональное обучение (по отраслям)” багыты боюнча магистр даражасын алган. 2021-жылдан тартып С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде Филология багыты боюнча аспирантурада билим алып баштаган. Эмгек жолун 2014-жылы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык-экономикалык колледжинде кыргыз тили жана адабияты окутуучусу болуп баштаган жана 2021-жылга чейин эмгектенген. 2021–2023-жылдары аталган колледжде Персоналдарды башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып С.Нааматов атындагы НМУнун Агрардык техникалык-экономикалык колледжинде тарбия иштери жана жаштар саясаты боюнча директордун орун басары болуп иштей баштаган. Кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында 2012–2022-жылдары бир катар тренингдерге, семинарларга жана курстарга катышкан. Алар педагогикалык компетенттүүлүк, билим берүүнүн сапатын камсыздоо, заманбап баалоо ыкмалары, инсандык өнүгүү, оратордук чеберчилик жана компетенттүүлүккө негизделген окутуу технологиялары боюнча багыттарды камтыган. Илимий иши: С.Раевдин “Жанжаза” романына адептик проблеманын коюлушу аттуу макаласы 2023-жылы “Алатоо” эл аралык илимий журналынын №1 санында жарыяланган. Эмгек ишмердүүлүгүндө жетишкен ийгиликтери үчүн 2014–2021-жылдары Ардак грамоталар, ыраазчылык каттар жана дипломдор менен сыйланган.

ИМАНКУЛОВ УЛАН АСАНОВИЧ

Административдик чарба иштери боюнча директордун орун басары
https://college.kg/wp-content/uploads/2026/02/Ulan.jpg

ИМАНКУЛОВ УЛАН АСАНОВИЧ

Административдик чарба иштери боюнча директордун орун басары
1979-жылдын 28-ноябрында туулган, Үй-бүлөлүү. 1997–2002-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин Экономикалык факультетинде «Финансы жана кредит» адистиги боюнча билим алып, жогорку билимге ээ болгон. 2010–2012-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин Эл аралык магистрдик борборунда «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча окуп, магистр даражасын алган. Эмгек жолун 2004-жылы бейөкмөт уюмда бухгалтер болуп баштаган. Ошол эле жылдан тартып Нарын мамлекеттик университетинин «Бухгалтердик эсеп, экономика жана менеджмент» жана «Финансы жана менеджмент» кафедраларында улук окутуучу болуп эмгектенген. 2011-жылдан тартып университеттин Эл аралык магистрдик борборунда окутуучу болуп иштеген. 2018-жылы Агрардык-экономикалык колледждин күндүзгү бөлүмү боюнча директордун орун басары кызматын аркалаган. 2019-жылдан баштап аталган колледжде башкы бухгалтер болуп иштеген. 2021-жылдан тартып Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык-экономикалык колледжинде окуу иштери боюнча директордун орун басары кызматында эмгектенген. Илимий багытта айыл чарба экономикасы, кооперацияны өнүктүрүү, жайыттарды жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу маселелери боюнча бир катар илимий макалаларды жарыялаган. Эмгектери университеттин жарчысында жана эл аралык илимий журналдарда басылып чыккан. Кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында педагогика, инновациялык технологиялар, стратегиялык башкаруу, аккредитация, бухгалтердик эсеп жана аудит, каржылык менеджмент жана санариптик экономика багыттарында ар түрдүү курстарга, семинарларга жана эл аралык тренингдерге катышкан. Көз карандысыз аккредитация жүргүзүү боюнча эксперт катары иш алып барууга укук алган. Өз ишмердүүлүгүндө жоопкерчиликтүү, так, уюштуруучулук жөндөмү жогору жана үзгүлтүксүз өнүгүүгө умтулган адис катары таанылган.