Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун» Нарындагы филиалында 17-декабрь 2024-жылы ветеринария багыты боюнча 9 кандидат тармактык талаптарга жана жарыяланган квалификациялык деңгээлге ылайык көндүмдөрдү баалоону жана тастыктоону алуу үчүн «Жаныбарларды ветеринардык кароо боюнча оператор» кесиби боюнча компетенттүүлүктү таанууну баалоо тартибинен ийгиликтүү өтүштү.
Аталган иш чара Нарын шаарында 2024-жылдын 15-июль күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун, аталган борбордун жетекчиси Жанара Шаматова, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр-жай палатасынын Нарын облусундагы өкүлү Бейшен Турсунбаев, Нарын регионундагы иш берүүчүлөр, бир катар Кыргызстандагы Алдыңкы тажрыйба борборлорунун жектекчилери катышышкан. Ал эми 15 талапкер шык жөндөмдөрүн таанууну баалоо тартибинен өтүшкөн.
Иш чараны уюштурууда материалдык чыгымдар “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр долбоору тарабынан каржыланды. Колдоо көрсөткөн долбоордун мененджери Атаканов Нурлан Чырбановичке ыраазычылык билдиребиз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *