10-декабрь – “Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо”, “Сот системасынын уюшулганынын 100 жылдыгына” карата уюштурулган конкурста Агрардык техникалык-экономикалык колледжинин таланттуу студенттеринен куралган “Акыйкат” командасы гран при баш байгени камсыз кылышты.
Ошону менен бирге эле студенттер “Эң мыкты сценарий”, “Эң мыкты актёрдук чеберчилик” номинацияларын жеңип, атайын сыйлыктарга ээ болуу менен катар өздөрү ойногон ролдору, ролдорду аткаруудагы сезимдери тууралуу жергиликтүү массалык каражаттарына интервью беришти.