Нарын JIA 16-декабрь күнү ишкерлердин ортосунда достук мамилелерди чыңдоо жана бири бири менен жакындан таанышуу максатында «Study tour» уюштурду. Бул иш-чара бизнестин ар кайсы тармагынан келген адамдарга өз ара пикир алышуу, тажрыйба алмашуу жана жаны кызматташтыктарды түзүү үчүн сонун мүмкүнчүлүк болду.
 
          Иш чаранын алкагында төрт компанияга кыдыруу болду:
– «Ализа Бек» эмерек салону
– «Балапан тоок» фермасы
– «Теңир тоо» полуфабрикат жасап чыгарган цех
– «Алтын Түйүн» Улуттук балдар инженердик – техникалык академиясынын Нарын облустук филиалы.
 
          С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык – экономикалык колледжине караштуу Окуу өндүрүштүк комплекси «Теңир тоо» аталышында (пельмень, манты, котлет, фрикадельки, тефтели) тез даяр боолучу полуфабрикаттарды өндүрүүдө. Полуфабрикаттар жумуш ордунда окутуу, практикалык сабактар учурунда даярдалууда. Азыркы учурда мекеме чоң рынокко чыгуу максатында кызматташууга бизнес өнөктөштөрдү издеп жатат.
 
          Окуу өндүрүштүк комплекситин негизди максаты:
– компетенттүү адистерди даярдоо,
– жумуш ордунда окутууну уюштуруу, студенттерди жана кызыктар тараптарды ишкерликке окутуу,
– кошумча акча каражатын тартуу ишмердүүлүгүн жүргүзүү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *