Улуттук адабият куну
12-декабрь “Улуттук адабият күнү” Агрардык техникалык-экономикалык колледжинде белгиленди.
Улуттук адабият күнү — Кыргыз Өкмөтүнүн чечими менен 2011-жылдан бери жыл сайын 12-декабрда белгиленет. 12-декабрь адабияттын белгилүү алпы, жаңыча көз караштагы, багыттагы адабий чыгармалары менен улуттук адабиятка кайталангыс бурулуш жасаган, кыргыз атын дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана кыргыз поэзиясын жаңыча багытка алып чыккан, кыргыз адабиятына ат көтөргүс эмгек жасаган, өз салымын кошкон Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү катары белгилүү.
Агрардык техникалык-экономикалык колледжинде “Адабият алптары” аттуу адабий кече уюштурулду.
Мында залкар акын жазуучулардын чыгармаларынан, ырларынан көркөм окуулар айтылып, дубал гезиттер, атайын бурчтар көргөзмөлөр уюштурулду.
 
Андан сырткары студенттер залкарлардан калган унутулгус чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндүлөрдү аткарышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *