Заманбап мугалим

"ЗАМАНБАП МУГАЛИМ"

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарындагы  агрардык, техникалык-экономикалык колледжинин окутуучуларынын арасында 27-28-апрель 2026-жылы калыстар тобунун катышуусунда “Заманбап мугалим” кесиптик сынагы өткөрүлдү. Кесиптик сынакка Агрардык техникалык-экономикалык колледжинин заманбап талаптарга жооп бере алган алдыңкы чыгармачыл окутуучулары катышышты.

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун төрайымы  педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Шерматова Ильмира Кубанычбековна Агрардык техникалык -экономикалык колледжинин заманбап мугалими катарында Токтоналиев Бексултан, ”Жаратман мугалим” номинациясына Орозалиева Мунара Мидиновна, Мамбеталиева Гүлнара Жолдошбековна, “Санариптик чебер” номинациясына Дуйшембиев Мирлан Сагынович, Бидинова Сырга Алымбековна, “Педагогикалык дебют” номинациясына Билалиев Акай ээ болгондугун тастыктап, окутуучулардын окуу-методикалык ресурстары билим берүүнүн стандартына дал келип, өтүп жаткан конкурстук сабактар  заман талаптарына ылайык экендигин белгилеп, колледждин окуу усулдук кеңешине ыраазычылык билдирди.

Ошону менен катар студенттердин топто иштөө көндүмдөрүнүн “жакшы” деңгээли окутуучулардын сабактарынын натыйжасы экендигин көрсөтүп, тапшырмаларды креативдүүлүк менен жана татаал типте берүү керек деген сунуштарын киргизди.  

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген