С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык-экономикалык колледжи учурда Кыргыз Республикасындагы 148 орто кесиптик окуу жайлардын ичинен эң мыкты деп тандалып алынган алдыңкы 8 колледждин бири болуп, “Алдыңкы тажрыйба борбору” катарында студенттерге инновациялык, санариптик, инклюзивдик билим берүүдө. Окуу жайдын биология жана химия мугалими Саркелдеева Роза Каратаевна окутуунун жаңы технологияларын жана методдорун улуттук баалуулуктар менен айкалыштыруу аркылуу студенттердин илимий компетенцияларын калыптандырууга басым жасоонун үстүндө эмгектенип келет. Кесипкөй мугалим сабактарына өзүнүн калеминен жаралган ырларды, биохимиялык табышмактарды, жаңылмачтарды, макал-лакаптары пайдалануу менен студенттердин сабаттуулуктарын арттырып келет. Студенттерге билим берүүдөн сырткары областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү жана кайра даярдоо борборунда биология мугалимдери жана окуу жайдын студенттери менен бирдикте “Биологиялык сармерден” аталышындагы автордук методикалык эстафетаны жыл сайын өткөрүп келет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *