Экономикалык багыт

Иштин бардык багыттары экономикага, акча жана финансылык инструменттерге - турмуш-тиричилик жактан тейлөөдөн жеке ишкердикке чейин байланышкан. Экономикалык кесиптер чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей ала турган аналитикалык ой жүгүртүүсү бар адамдар үчүн ылайыктуу. Экономист болуу үчүн так илимдер (математика, информатика), ошондой эле дүйнөлүк экономикада болуп жаткан актуалдуу окуяларга кызыгуу керек. Профилдик көндүмдөр жана жөндөмдөр тандалган адистикке жараша болот. Мисалы, бухгалтер жана банк адиси салык жана эмгек мыйзамдарын толук билүүгө, ал эми маркетологго рынок изилдөө ыкмаларын белгилүү бир бизнеске жана рынок шарттарына ылайыкташтыра билүү керек болот. Статистке кунт коюучулук жана концентрация керек, ал эми ишкерге коомчулдук жана стандарттуу эмес маселелерди чечүүгө даярдуулук керек.

Багыттар

Финансы (тармактар боюнча)

Адистиктин квалификациясы - Финансист

Салыктар жана салык салуу

Адистиктин квалификациясы - Салык боюнча адис

Экономика жана бухгалтердик эсеп

Адистиктин квалификациясы - Бухгалтер

Бир аз сандар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматы боюнча, республика боюнча 2022-2023-жылдарга орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттеринин арасында экономика жана менеджмент багытында окуган студенттердин саны 15469 адамды түзөт. Республика учун бул цифралар бир кыйла аздык кылат.

Экономика жана бухгалтердик эсеп
0%
Финансы
0%
Менеджмент
0%
Банктык кызмат
0%
Салыктар жана салык салуу
0%

Биз менен окуңуз

Биздин колледжден билим алып, сиз оңой эле өзүңүзгө орун таап тим болбостон, жакшы киреше таба аласыз. Мындан тышкары, мындай адистиктер үчүн көптөгөн варианттар бар жана сиз өзүңүзгө жаккан багытты тандай аласыз, албетте, эгерде сизде белгилүү бир сапаттар жана жөндөмдөр болсо.